Кой-Таштагы Жаштар борборун оңдоп-түзөөдө мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган борборду оңдоп-түзөөдө курулуш материалдарынын баалары негизсиз жогорулатылып, чыгымдар көбөйтүлгөн. Мындан улам мамлекетке 1,5 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.