Бүгүн, 16-майда футбол
боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын кезектеги турунда Оштун “Алай” командасы
бишкектик “Дордой” клубуна каршы турат. Беттеш Ош шаарында өтөт жана “Алай” командасы
быйылкы сезондо бир дагы ирет жеңилүү ызасын тарта элек “Дордойдон” упай алуу мүмкүнчүлүгүнө
ээ. “Дордой” быйылкы сезондо өлкө чемпиондугунда 7 оюндан 17 упай топтоп,
лидерлик сапта келүүдө. Ал эми 4 оюн өткөргөн “Алайдын” карамагында 7 упай бар
жана бул клуб азырынча 2-орунда турат.
Күндүн беттеши тууралуу маалымат:
“Алай” (Ош) – “Дордой” (Бишкек)
Башталышы: 16-май. Саат - 17:30
Стадион: Ош шаары, Ахматбек Сүйүнбаев стадиону