Олимпиадалык кураманын футболчулары Азия чемпиондугунун тандоо турунда бүгүн Кувейт менен беттешет

23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курама команда Бириккен Араб Эмираттарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышууга даяр. Машыктыруучу Мирлан Эшенов курамга алынган 24 оюнчунун тизмесин жарыялады. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Курам бүгүн, 16-майдан тарта тандоо туруна катыша баштайт. 20-майга чейин футболчуларыбыз “В” тайпасында 3 оюн өткөрүшөт. Тайпадагы атаандаштар Кувейт, Иордания жана Пакистандын олимпиадалык курамалары. Төмөндө олимпиадалык кураманын машыгуусу учурунда тартылган сүрөттөрдү назарыңыздарга койдук.

Оюндар төмөнкү тартип менен өтөт:

16-май

Кувейт – Кыргыз Республикасы

18-май

Кыргыз Республикасы – Иордания

20-май

Кыргыз Республикасы – Пакистан

Курам менен бул жерден таанышсаңыз болот:

Дарбазачылар: Андрей Шикин ("Наше пиво" клубунда ойнойт), Илим Оморов ("Алга"), Дастан Алыбеков ("Живое пиво");

Коргоочулар: Кайрат Көлбаев, Мустафа Юсупов ("Ала-Тоо"), Тамирлан Козубаев ("Алга"), Санжар Шаршеев ("Дордой"), Акрам Умаров ("Абдыш-Ата"), Кудайберген Эшимов ("Наше пиво").

Жарым коргоочулар: Сулайман Самарбек уулу, Мирбек Ахматалиев, Эрмек Нусубалиев ("Алга"), Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков, Манас Карипов, Мирбек Кудайбердиев ("Абдыш-Ата"), Бекмырза Дуванаев ("Алай"), Авазбек Откеев, Бекжан Сагынбаев ("Дордой"), Ахлетдин Исраилов ("Динамо-2", Украина).

Чабуулчулар: Элхан Темирбаев, Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой"), Давлятжан Баратов ("Наше пиво"), Абай Боколеев ("Ала-Тоо").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kg_boy91.91
2015-05-16 10:01:46
Россияда Рубин клубунда ойногон жигит курамада жокбу
0
uran98
2015-05-16 11:00:23
Kg_boy91.91,
ал россиянын паспортун алып орус болуп кеткенн
0
uefamif
2015-05-16 16:09:28
Ийгилик! Алга Кыргызстан!!!
0
Patriot...kg
2015-05-16 16:41:44
Алга!
0
Ruslan_d
2015-05-17 00:18:07
урматтуу супер инфо ушул оюндарды кантип корсок болот?
0
Hernandez
2015-05-17 15:22:41
Кыргызстан 0:0 Кувейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан