Бишкекте унаасы менен эки студент кызды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-май күнү саат 15:00 чамасында "Айчүрөк" соода борборунун каршысында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен эки кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабыркаган студент кыздар ооруканага жеткирилген. Учурда айдоочу изделүүдө.