Эки жеткинчек кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталганы аныкталган жок

Эки жеткинчек кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталганы аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын ноябрь айында милиция кызматкерлерине 1979-жылы туулган айым кайрылып, жарандык никедеги күйөөсү 9 жаштагы кызын зордуктаганын айткан. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында кыздын зордукталбаганы аныкталган. Эки күндөн кийин кыздын апасы арызын артка кайтарып алган. Мындан улам кылмыш иши козголгон эмес.

Айта кетсек, бир канча күн мурун Балдардын укугун коргоо коомдук фонду өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 6 жана 10 жаштагы эки кыздын ооруканага жаткырылганын билдирген. Соттук-медициналык экспертиза алардын зордукталганын аныктаган эмес. Ошондой эле кыздардын апасы 14-май күнү ишти кайра карап чыгуу боюнча милицияга кайрылган. Бирок арызында бир эле кызынын зордуктоого кабылганы жазылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abospekova
2015-05-16 10:49:34
Энесинин мээси иштебейтко арызын артка алса, кызын ойлобой куйосун ойлоп.
+1
Мэри
2015-05-16 10:52:39
Коомдук фонд, бейөкмөт уюмдары чыракка май тамызганды жакшы көрүшөт, ушундай бир нерсе уксабы... Энесинин иш-аракети да түшүнүксүз экен...
0
Medina87
2015-05-16 11:00:24
Ошондо Мошенник энелер кобойгонбу???
0
Medina87
2015-05-16 11:01:46
Кечиресиздер,Мошенница.
0
asiana
2015-05-16 11:12:24
Эх эптеп оной акча ондуруп алайын деген го.
0
_PeriWa_
2015-05-16 13:03:50
Эмне эле болуп баратабыз куйоо экен дебей аны жакшы билип жашабайбы болгондо да жарандык никеде
0
bakyt_2015
2015-05-16 23:10:44
Огой атанын укугу канчалык денгээлде тепселип жатат.Буга ким жооп берет.Же таза экен зордуктоо болбоптур деп кала береби? Эне аты бар арызчыны жоопко тартуу керек эле го дейм.
0
afina.aman
2015-05-17 19:43:16
оо жараткан буга окшогондору озун жазасын бербесен.биздин мамлекетт эчнерсе кыла албай койушту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан