Кыргыз-кытай чек арасында эки кыргыз жараны аткезчилик жүк менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки жаран 15-май күнү “Эркеч-Там” чек ара тозотунун чек арачылары тарабынан кармалган. Алар “Эркеч-Там-унаа жол” көзөмөл өткөрүү жайына жакын жерде Кытай Эл Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик жүктү алып өтүүгө аракет кылып жатышкан. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, аткезчилик жүк бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.