"Өгөй атасы тарабынан зордукталды" делип ооруканага жаткырылган эки кызды апасы алып, качып кетти. Бул тууралуу “Жардамдашуу оңой” фондунун жетекчиси Динара Аляева бүгүн, 18-майда билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 17-май күнү 36 жаштагы айым ооруканага жаткырылган эки кызын алып, качып кеткен. Кетери тууралуу эч кимге айткан эмес. Учурда алардын кайда экени белгисиз болууда.
Айта кетсек, буга чейин Балдардын укугун коргоо коомдук фонду өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 6 жана 10 жаштагы эки кыздын ооруканага жаткырылганын билдирген. Соттук-медициналык экспертиза алардын зордукталганын аныктаган эмес.