1-17-май аралыгында Чехиянын Прага шаарында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Тарыхта 79-ирет уюшулуп жаткан мелдештин финалында Канада курамасы Орусияны ири эсепте утуп, чемпион аталды. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары кабарлайт. Маалыматка ылайык, финалдык беттеште 6:1 эсеби катталып, Канада чемпиондукту татыктуу камсыздай алды.
Кошумчалай кетсек, Канада ушуну менен өз тарыхында 25-ирет Дүйнө чемпиону аталып отурат. Орусиялыктар Дүйнө чемпиондугун 2014-жылы утуп алышкан. Мелдеш жыл сайын өтөт.