Селдин кесепетинен Таш-Көмүр шаарында эгин талаалары жана ички чарбалык жолдор жабыркады

Селдин кесепетинен Таш-Көмүр шаарында эгин талаалары жана ички чарбалык жолдор жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-май күнү саат 20:00 чамасында Теңдик айыл аймагынын Кудук-Сай жана
Кашкулак-Сай чегинде катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон келген сел суулары Бишкек-Ош унаа жолунун 468-469-чакырымдарындагы түтүктөргө батпай, жолдун 40 метр аралыгын каптап өтүп, Кудук-Сайдагы эгин талааларды, ички чарбалык жолдорду жараксыз абалга алып келген. Ошондой эле Кашкулак-Сай айылындагы 10 кожолуктун короолорун сел суулары каптаган. Учурда сел суулары азайып, жаан-чачындар токтогон. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү жана калыбына келтирүү иштерин бүгүн жүргүзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirbek2211
2015-05-18 13:11:24
Тилсиз жоодон кудай озу сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан