“Барселона”, ПСЖ, “Зенит” жана “Бенфика” футболдук клубдары өз өлкөлөрүнүн чемпиондугун камсыздашты

16-17-май күндөрү бир катар Европа өлкөлөрүнүн лигаларында бир канча команда мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздашты. 

"БАРСЕЛОНА" футболдук клубу (Испания)  

Испания чемпиондугунда “Барселона” чемпион болору 36-турда эле билинген. Анда “Барсанын” чемпиондук үчүн башкы атаандашы “Реал” өз үйүндө “Валенсия” менен тең ойноп, упай жоготкон. “Барселонанын” оюнчулары 37-турда өткөн сезондогу чемпион “Атлетико” менен ойноп, 1:0 эсебинде утуп алды (голду Лионель Месси киргизди). Мелдеш болсо дагы бир турдан кийин жыйынтыкталат.

"ЗЕНИТ" футболдук клубу (Орусия) 

Орусиянын Премьер-Лигасынын бүтөрүнө 2 тур калды. 28-турда Санкт-Петербургдун “Зенит” клубу өз үйүндө “Уфа” менен тең ойноп (1:1), мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздады. Бул команда тарыхында өлкө биринчилигин 4-ирет утту.

ПСЖ футболдук клубу (Франция)

Франциянын чемпиондугун ПСЖ клубу 37-турда “Монпелье” менен болгон оюнда камсыздады. Париждик клуб атаандашын конокто жер каратып, 3-ирет өлкө чемпиону аталды (өз тарыхында 5-ирет).

"БЕНФИКА" футболдук клубу (Португалия) 

Португалиянын биринчилигинде 33-турда лиссабондук “Бенфика” эң жакынкы атаандашы “Портуну” 3 упай артка калтырып, чемпиондукту камсыздады. Жыйынтыктоочу 34-турда “Порту” 3 упай алып, атаандашына упай айырмачылыгында теңелсе да, гол катыштыгы жагынан чемпиондукту камсыздоосу мүмкүн эмес. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bazarkyl
2015-05-18 17:04:25
Германия менен Англияда Бавария менен Челси аныктап койду болушу керек?!
0
Tata_Tabaldiev
2015-05-18 17:32:38
Кечээ коп жылдан сон Динамо Киев дагы Украинанын чемпиону болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан