“Ак-Жол-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында башка паспорт менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 17-май күнү аталган көзөмөл-өткөрүү жайында болгон. Анда Кыргыз Республикасынын жараны Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда бул факт боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.