19-майдан 25-майга чейин өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт

19-майдан 25-майга чейин өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт. Буга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыялардын деңгээли көтөрүлөт. Мындан улам адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 19-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

20-майда айрым тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Ал эми 21-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2015-05-18 23:25:19
ушул жамгырда гестерди азда болсо толтурса экен чондор кос салып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан