Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй, Ысык-Көл облустарындагы объектилерин оңдоп-түзөөдө аткарылган жумуштардын жана колдонулган материалдардын негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Мындан улам аталган департаменттин башчысы З.А. ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине ишти жабуу үчүн 2 миң доллардан көп акча сунуштаган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде департамент башчысы 1500 доллар жана 40 миң сом берип жаткан жеринен кармалган. Учурда ал 1 айга тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан