Волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы биринчи жолу Азия чемпиондугуна катышат. Континент биринчилиги 21-29-май аралыгында Бангладештин Дакка шаарында өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Мелдешке барчу курамга төмөнкү 12 волейболчу кирди:
Кылыч Сарбагышев (“Салам-Алик” клубунда ойнойт), Жамалидин Мусаев (“Улуттук Гвардия”), Иван Гусев (“Салам-Алик”), Асан Сатыбалдиев (“Ош бажы”), Дамир Газинур уулу (“Жаңы муун”), Мурат Исаков (“Ош бажы”), Оңол Каныбек уулу (“Жаңы муун”), Илья Анкудинов (“Салам-Алик”), Темир Муса уулу (“Улар”), Нурмухаммед Токтоев (“Дархан”), Маназбек Нуралы уулу (“Салам-Алик”), Канатбек Абдывасы уулу (“Жаш күч”).
Башкы машыктыруучу: Андрей Анкудинов.