Бишкекте каракчылыкка шектелгендердин бири кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 52 жаштагы Б.Л. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз бет капчан адамдар үйүнө кирип, курал менен коркутуп, 15 миң сом акчасын жана зер буюмдарын карактап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдүн бири 25 жаштагы Ж.А. кармалган. Учурда ал тергөө абагына киргизилип, калган кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан