Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 17-май күнү саат 12:50 чамасында Лебединовка айыл аймагынын Калинин көчөсүндө болгон. Анда аты-жөнү белгисиз эркек адам Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да уланат.