23-24-май күндөрү Тажикстандын Худжанд шаарында эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Анда 7 салмактык бөлүктө (61,2 килограмм салмакта, 65.8 килограмм, 70.3 килограмм, 77.1 килограмм, 84.0 килограмм, 93.0 килограммга чейин, 93 килограммдан жогорку салмакта) чемпиондор аныкталат. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдешке 7 кыргыз спортчусу аттанат. Алар: Эламан Коргонбай уулу, Адилет Таалайбек уулу, Мирбек Абдыкадыров, Бекназар Кайназар уулу, Данияр Абдибаев, Бабамурат Жолдошев жана Максат Мусабаев.