Чүй облусунда райондук электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй ОИИББинин кызматкерлерине жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал Бактияр аттуу кызматкер электр эсептегичин алмаштырып жана мурдагы карызды жашыруу үчүн 35 миң сом талап кылганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 10 миң сом алып жаткан жеринен 29 жаштагы Т.Б. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.