Футбол боюнча олимпиадалык курама Азия чемпиондугунда Иорданияга ири эсепте утулуп калды

23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курама Бириккен Араб Эмираттарындагы жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышууда. 18-майда тандоо турунун 2-турунда футболчуларыбыз иорданиялык футболчуларга каршы туруп, 4:0 эсебинде утулуп калышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Жаштар курамасынын машыктыруучусу Мирлан Эшенов бул жеңилүү үчүн коомчулуктан кечирим сурап, жоопкерчиликти өз моюнуна аларын билдирди: “Биздин футболчулар таланттуу жана аракетчил. Алар бул күнү болгон күчтөрүн жумшашты. Мен аларды утулду деп айтпайм, себеби алар машыктыруучунун тапшырмасын аткарышты. Машыктыруучу утулду деп айтканым туура болот. Бул үчүн жоопкерчиликти моюнга алыш керек”.  

Кошумчалай кетсек, 1-турда Кувейт менен тең ойноп, 2-турда Иорданияга утулган курамабыз Азия чемпиондугунун финалдык баскычында ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Тайпадагы 3-турда футболчуларыбыз Пакистан жаштар курамасы менен 20-майда беттешет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
zman53
2015-05-19 10:09:06
Машыктыруучу утулгула деп тапшырма бергенби? Бул эмне деген тушундурмо?
0
nursultan1
2015-05-19 12:54:10
zman53, антип эч ким тапшырма бербейт, болгону утулууну өз мойнуна алууда, бул - чыныгы эркектин сөзү. Рахмат сизге Мирлан байке, алдыда жеништер көп болот!
-1
Patriot...kg
2015-05-19 10:40:12
Иий эми не болот десең
0
Kara-kulzha
2015-05-19 10:46:50
Машыктыруучу туура айтыптыр!
0
kama_future_millioner
2015-05-19 11:04:58
Оюндаа жеңилууда болот. келечек алдыда
0
Izdeim_seni.
2015-05-19 11:10:44
Келечеги жок кыргыз футболунун.
-3
uz.nookat
2015-05-19 17:12:01
Izdeim_seni., кыргызстандын келчеги ото чон сен кыргыз футболу эми онугуп келе жатат топ тоголок Бразилия эмне болду германия менен
0
daniyar93
2015-05-19 12:12:34
Эми Буттубу Азия Чемпионатына Чыга Албай калдыкпы????
0
nursultan1
2015-05-19 12:48:20
Бул баары бүттү дегенге жатпайт, оюн дээрлик тең таризде өттү. Бирок эсеп, аз ганакай убакыттын ичинде өзгөрүп кетти, кыргыз футболунун келечеги жок дегендер - сен чалкалап жатып алып, ар сөздү сүйлөй бербестен, өз өлкөң үчүн жардам бер. Алга Кыргызстан, келечек алдыда!!!
0
zarbaliktik
2015-05-19 13:39:51
nursultan1, Билесинби булар качантан бери даярданып журушот?! Декабрьдан бери. Чет олкодо зборлордо журушту. Канча каражат сарпталды. Башка командалар 10 кун кээси 7 кун даярданып келип элэ утуп коюп жатат бизди. Узбекстан (у-22) командасы даярданбай элэ 2-0 го утуп койду го. Таланттуу болсо ушунча убакытта жэтпесе бул эмне деген талант?! Болбогонго болушпа.
0
nursultan1
2015-05-19 14:03:35
zarbaliktik, футболду түшүнбөгөн соң, комментарий калтырбай эле койгулачы. Өзбекстан даярданбай ойногонун өз көзүң менен коргонсуп сүйлөп жатасың да. Анан сен билесинби Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө жана улуттук курама командабыздын оюнчуларга айлык акы канча толонорун? Жок дейсиң албетте, биздин футболго бөлүнгөн каражат расмий түрдө, жылына 1
+1
nursultan1
2015-05-19 14:04:55
1 млн доллар дагы болунбойт, ашып барса 100 же 200 миң доллар бөлүнөт, а Өзбекстанда бул тарапка өздөрүнүн айтканына караганда 50 млн доллардан өйдө бөлүнөт экен, а Араб мамлекетеринде футболду өнүктүрүү үчүн миллион эмес миллиарддар сарпталат
0
zarbaliktik
2015-05-19 23:20:46
nursultan1, Футболду сенен жакшы тушуном. Ооба озбекистан 1 кун мурун чогулуп элэ утуп койду бизди. Футболду талантуулар ойнойт миллиард сарптасанда талант каалоо болбосо жыйынтык чыкпайт. Эч бир мамлекет курама командага айлык толобойт. Утушуна карап премия сыйлыктар элэ болот. Биздин бул команда декабрьдан бери 3 жолу чет олкодо даярданып 2 олкого барып ойноп келишти. Жыйынтык жок!!!
0
zarbaliktik
2015-05-19 23:28:30
nursultan1, Албетте Салымбеков Сакебаев ж.б рахмат демоорчу болуп журушот. Менин айтайын дегеним футболдон бизден ийгилик жаралбайт. Мен ушул командадан зор умуттонгом.
0
nursultan1
2015-05-20 18:17:27
zarbaliktik, сенден жакшы билем деп мактанып койгонуң менен, билбешиң дароо эле көрүнүп калды, ооба премиялар болот, бирок айлык акы сөзсүз толонушу керек иш толонот
-1
zarbaliktik
2015-05-21 18:36:18
nursultan1, сен футболду тушун бойт экенсин! Мисал га айтчы кайсы курамага айлык толонот экен. Акчага эмес курамга илешип калганына сыймыктанат. Алга дордой спартак челси ге окшогон комерческий командалар айлык толойт. тушундунбу?
0
make2
2015-05-19 13:47:38
башклардын торт буту барбы футболдон утулду деген эле кабар, ири эсепте, мыктыларды тандаш керек
0
kaniet
2015-05-19 14:54:11
Кыргызстан:........... деп эле атаандаштын атын жазып койсо деле биздикилер утулган турбайбыыыы деп тушунуп кала турган болдук алдын ала
0
zamir.79
2015-05-19 15:01:46
Мындай спортчуларды кармап эмне кереги бар. Жон эле расход кылып атат да мамлекет. Аларды ары бери ташыганга, ичкен-жегенине канча каражат кортуп.
0
nurik2103
2015-05-19 19:46:09
Фудболдон утулганыбыз менен көк бөрүдөн бербейбиз! Бул фудбол батыштан чыккан ойун, ал еми бизден чыккан көк бөрү тартышып корсунчу алар
+1
zarbaliktik
2015-05-19 23:30:06
nurik2103, Бирок казактардан утулуп калганыбыз жаман болду да
0
universal
2015-05-19 23:46:11
Эми сборный команданы коробуз. Алар да тайпада акыркыдан экинчи оорунду ээлесе,анда мен башка "бизде да футбол бар" деп айтбайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан