12-17-май күндөрү Жалал-Абад облусунда «Арсенал» аталышындагы рейд жүрүп, 16 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11 адам ок атуучу куралды өз эрки менен тапшырган. Ал эми 5 ок атуучу куралдын мыйзамсыз сакталганы аныкталган.
Бул рейддин максаты облустун аймагындагы жарандардын колундагы мыйзамдуу ок атуучу куралдардын сакталышын көзөмөлдөө, жарылуучу заттар сакталган кампаларды текшерүү, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды алуу жана ар кандай укук бузуулардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет.