Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 57 жаштагы Г.И. аттуу айым кайрылып, 38 жаштагы баласын белгисиз адамдар сабап салышканын айткан. Анын кесепетинен баласы каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы М.А. кармалган. Анын айтымында, окуя болгон күнү спирт ичимдигин ичишип, уруша кетишкен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.