17-майда Бишкектеги кафелердин биринде кумсалардын иш-чарасына тоскоолдук жаратып, алар менен мушташканы үчүн жаш активисттерге Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы 19-майда
SUPER.KG порталына билдирди. ИИМдин берген маалыматы боюнча, активисттер алардын тынч өтүп жаткан жыйынында "бир
жыныстагы адамдар үйлөнүп жатат" деп барып алып ызы-чуу салышып, жыйынды үзгүлтүккө учуратышкан. Бирок факты аныкталган жок. Ал эми активисттер бир жыныстагы адамдардын үйлөнүү тою болуп жатканына өз көздөрү менен күбө болушканын билдиришүүдө.