Ошто жаш кыздарды тоноп, алтын сөйкөлөрүн тартып алып жүргөн студент кыз кармалды

Ошто жаш кыздарды тоноп, алтын сөйкөлөрүн тартып алып жүргөн студент кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, студент кыз эки өспүрүм кыздын сөйкөсүн алып, сооротуу үчүн балмуздак алып берип жаткан жеринен кармалган. Анын үстүнөн 6 арыз түшкөн.

Кылмышка шектүү кыздын айтымында, өзү жашаган Ош технологиялык университетинин жатаканасына 2000 сом карыз болуп, аны төлөө үчүн аргасыз ушул ишке барган.

“Ата-энеси ал акчаны берген экен, бирок ал аны башка иштерге жумшап койгон. Тартып алган сөйкөлөрдү 200 сомдон 500 сомго чейин сатчу. Ал кыз мурда да көйнөк уурдап соттолгон”,- деп билдиришти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ainuska00
2015-05-19 13:28:46
апанды ойлосо боло,кара жерге кир
+7
Decmond
2015-05-19 13:38:13
Уят эле кыз башың менен
+7
asi15
2015-05-19 13:44:35
Уйронгон адат,олгондо калат. Эми бул онорун уланта берет.
+7
Mendereska
2015-05-19 13:48:23
Тооба.. Ушуну да кыз дейт...
+5
temirov76
2015-05-19 14:13:36
Рекет го рекет,кармалбаганда акырыын эркектерди да тоносо к/к эле.
+2
sabyr1977
2015-05-19 18:08:46
Балли балли:Ата-энене жакшыы рахмат алып берипсин.Байкуш ата энен дос душмандын алдында кантип баш которуп отурат?
+2
Aselina_tt
2015-05-19 19:16:56
Кыйын экенсин!!! Онорунду мындан кийин оркундотпой жок кыл!!!! Кыз башын мн ушул ишти кылсан сага наалат андан башка соз жок.
+1
kirgizstan
2015-05-19 19:30:11
Ошончо ишти кылгандан уялбаган дагы бетин жаап отурушун ата энесиге эле кыйын кызым окуп билим алып журот десе кылган ишин кара
+1
temirov76
2015-05-19 21:01:59
Эртен куйоого кантип чыгар экен эми э,же жигиттер жандай чаап табылабы бул оной эле акча табат деп.
+1
zhykyo
2015-05-20 00:58:29
Бетин жаап алып кулуп жатат онбогур
+1
jon.as
2015-05-20 07:08:17
уят эле кыз башы менен эркектерди токтото албай жатса эми кыз башы менен уятэле дагы оронуп чулганып алганын кантесин. Кудай сактасын тобо кылдым менин башымдада кызым бар. Кудай ыйман берсин кыргыз элиме
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан