17-майда кумсалар менен “Калыс”, “Кырк чоро” уюмдарынын ортосунда болгон чырга байланыштуу кумсалардын укугун коргогон өкмөттүк эмес уюм Башкы прокуратурага арыз жазууга ниеттенүүдө.
Бул уюмдун билдиришинче, 17-майда жаш активисттер кафеде Гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күндүн урматына уюштурулган майрамдык кечеге бастырып киришкен. "Салтанаттуу иш-чарага “Калыс” жана “Кырк чоро” кыймылдарынын өкүлдөрү кирип келишип, майрамдын катышуучуларын коркутуп, бир кыздын ден соолугуна залал келтиришкен. Мындан улам биз милиция чакырдык, бирок келген укук коргоо органдары биздин өкүлдөрдү чачынан сүйрөп унаага салып, райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. 5 саат суусу же тамак-ашы жок отурушкан биздин өкүлдөр дааратканага да бара алышкан эмес. Ал эми жогоруда аталган кыймылдардын балдары бул учурда райондук бөлүмдүн ичинде жай баракат басып, тамак-аш жеп, курсактарын тойгузушкан. Мындан тышкары укук коргоо органдары кече катышуучуларын коркутуп, алардын жыныстык мүчөлөрүн көрүп, алардын арасынан трансгендердик адамдарды табууга аракет кылышкан. Активисттер 18-майда түнкү саат 1де коё берилген. Буга байланыштуу биздин уюм прокуратурага кайрылып, бузулган укуктары боюнча арызданууга даяр" деп айтылат маалыматта.
Ал эми “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдакматов SUPER.KG порталына байланышып, ал жерде бир жыныстагы адамдардын баш кошуп жатканынан улам киришкенин билдирди.
“Алгач дарбазасына келип, дарбазаны ачуусун өтүндүк, бирок ага каршы болушту. Ал жерде эч кандай Гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күндүн урматына уюштурулган майрамдык кече болгон эмес, кумсалар үйлөнүп жатышкан. 11-майдан 17-майга чейин ЛГБТ өкүлдөрү гомофобияга жана трансфобияга каршы майрамды белгилешет экен. Бирок кыргыз жеринде Энелердин майрамы өтүп жатса, булар кумсаларды баш коштуруп жатышат. Ал эми эч ким менен эч кандай урушкан жокпуз, эч ким жаракат алган эмес”,- деди Молдакматов.
Андан сырткары Молдакматов эл аралык уюмдардын баары жапа тырмак киришип, кумсалардын укугун коргоп, кыргыздын жаш активисттерине каршы саясат жүргүзүп жатышканын кошумчалады. “Учурда көптөгөн эл аралык уюмдар башын бириктирип алып, кыргыздын салтына каршы келген нерсени колдоп, кумсаларды кубаттап жатышат. Учурда кумсалардын укугун коргогон бейөкмөт уюм прокуратурага даттанганы жатат”,- деди ал.