Баткенде өзбек чек арачыларынын огунан Кыргыз Республикасынын эки жараны жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 19-май күнү Кыргыз Республикасынын жараны Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик жол менен Кадамжай шаарынан Кызыл-Кыя шаарына өз автоунаасы менен бара жаткан. "Транзиттик жолдо бара жаткан унаанын токтогонго укугу жок" деген эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгондугуна карабастан, кыргыз жараны Өзбекстандын Фергана районунун Каптархана айылында бараткан жолдо токтоп, эки аялды өз унаасына салган. Муну көргөн өзбек чек арачылары автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей сапарын уланткан. Өзбек чек ара кезмети унаага ок чыгарып, анын натыйжасында эки жаран жабыркаган. Автоунаанын айдоочусу "Айдаркен" чек ара отрядынын “Айрыбас” чек ара көзөмөл постуна жетип, ал жерде кыргыз чек арачылары жарадар болгондорго биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Азыркы учурда айдоочу жана жүргүнчү аял Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада. Айдоочусу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну, эки жүргүнчү Ош облусунун Ноокат районунун тургундары болот.
Бул факты боюнча иликтөө башталды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы окуянын себептерин жана жагдайын аныктоо максатында эки өлкөнүн чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусун өткөрүүнү мерчемдөөдө.