Бишкекте айдоочу унаасы менен 2 жаштагы баланы сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-май күнү Камбар-Ата көчөсүндө болгон. Анда 58 жаштагы айдоочу Тойота Вилл унаасы менен 2 жаштагы баланы сүзүп алган. Анын кесепетинен жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.