Дзюдо боюнча улуттук кураманын Кувейтте өткөн Азия биринчилигине катышып келүүсү үчүн Олимпиадага даярдоо борборунун эсебинен 903 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына аталган борбордун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бул кыз-келиндер курамасы жана уландар курамасы үчүн каралган жалпы сумма. Азия чемпиондугуна кыргыз желеги астында жалпысынан 8 спортчу (анын ичинен 4 кыз) 2 машыктыруучунун жетеги астында катышкан. "Учурда каражатты кармабай, убагында берип жатабыз. Мелдештерге катышуу жана машыгуу сборлорунан өтүү үчүн жөнөп жаткан спортчуларга алдын ала учак билети алынат",- деди Р.Түмөнбаев.
Кошумчалай кетсек, 13-14-май күндөрү Кувейтте өткөн Азия биринчилигинде кыргыз спортчулары 2 медалды багындырышкан. Отар Бестаев 60 килограмм салмакта коло тагынса, дагы бир спортчубуз Юрий Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмакта татамиге чыгып, күмүш медаль тагынды.