Чүй облусунда сел жүрүп, турак жайларды жана короо-сарайларды суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-май күнү саат 14:25те катуу жааган жаандын кесепетинен Сокулук районундагы Сокулук дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, суу ашып, анын кесепетинен Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил айылында, Асылбаш айыл аймагынын Конуш жана Кубат айылдарында үйлөрдү суу каптаган. Ошондой эле Сокулук дарыясындагы 2 көпүрөнү, Жыламыш суусундагы 2 көпүрөнү, Конок каналындагы 1 көпүрөнү суу агызып кеткен. Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил айылында сел суулары 150 үйдүн жана Күн-Туу айыл аймагынын Чоң-Жар жана Кара-Шалта айылдарында 60 турак үйдүн короолорун суу каптаган.
Суу каптаган айылдарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ иштеп жатат. Ошондой эле Новопавловка айыл аймагында 1 экскаватор, Райондук жарандык коргонуунун Суу-коргоо кызматынан 1 жүктөгүч, Жол-көпүрө кызматынан 2 жүктөгүч, 1 грейдер, жеке менчик 1 жүктөгүч, Крупская айыл аймагынан 1 жүктөгүч иштеп жатышат.