Бүгүн, 20-майда футбол боюнча өлкө биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги турунда лидер “Дордой” өз үйүндө “Ала-Тоо” клубу менен беттешет. Акыркы турда Ош шаарында “Алай” клубуна утулуп калган “Дордойдун” бул оюн менен өзүнө болгон ишенимди кайрадан кайтарып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми 5 оюнда 1 ирет тең чыгып, калган оюндарын уттуруп келаткан “Ала-Тоону” мында да ийгилик коштобой калуусу толук ыктымал. Себеби команданын алдынкы оюнчулары өлкөнүн олимпиадалык курамына алынып, Бириккен Араб Эмираттарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышууда.
“Дордой” (Бишкек) – “Ала-Тоо” (Нарын)
Башталышы: 17:30
Стадион: “Дордой” спорткомплекси
Кошумчалай кетсек, бул 2 клуб 7-апрелде старт алган өлкө чемпиондугунда 3-ирет кездешип жатат. Алгачкы оюнда “Дордой” атаандашын 1:0 эсебинде утса, кийинки оюнда 5:1 эсеби катталган.
Мелдеш жадыбалы:
*