Футбол боюнча олимпиадалык курама бүгүн Азия чемпиондугунун тандоо турунда акыркы беттешин өткөрөт

Бүгүн кыргыз мамлекетинин олимпиадалык курамасы Бириккен Араб Эмираттарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо турунда акыркы беттешин өткөрөт. “В” тайпасындагы акыркы тур оюндарында кыргыз футболчулары Пакистанга каршы турса, Иордания жаштар курамасы Кувейт менен беттешет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Кошумчалай кетсек, “В” тайпасында буга чейин футболчуларыбыз 2 оюн өткөрүп, 1 гана упайга ээ болушкан. Алар 16-майда Кувейт курамасы менен тең эсепте ойносо, 18-майда иорданиялык футболчуларга 4:0 эсебинде утулуп калышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан