Кара-Кулжа районундагы жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 19-май күнү Кара-Кулжа – Ылай-Талаа унаа жолунда болгон. Анда айдоочу рулду башкара албай калып, Портер үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Кулжа дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 7 адам болгон. Аларды куткаруучулар алып чыгышып, райондук ооруканага жеткиришкен.