Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкекте 4, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1 өрт болгон.
Бишкек шаарынын Медеров көчөсүндөгү “Сказка” кафесинде өрт чыгып, жер төлөсүндө таштанды кагаздар, сыналгы күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.