Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка
караганда, 19-май күнү саат 16:40 чамасында катуу
жааган жаандын кесепетинен Арча-Бешик конушунда сел жүрүп, бир канча турак үйдү суу
каптаган. Сел жүргөн жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча
башкармалыгынын ыкчам тобу чыгып, түзүлгөн кырдаалды жоюу иштерин
жүргүзүштү. Коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн каналдын ичин тазалоо иштерине
Ленин районунан 1 экскаватор,
№4-Муниципалдык аймактык башкармалыгынан 5
адам, Бишкек шаарынын "Тазалык" кызматынан 1 самосвал жана 14 адам тартылды.