19-майда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун 100 жылдыгына карата Сокулук районунда көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулду. Уюштуруучулар кабарлашкандай, мелдешке 16 команда катышып, алгач 4 тайпага бөлүнүп оюн өткөрүштү. Жарым финалчылар тайпада топтогон упайлардын негизинде аныкталды.
Жыйынтыгында жарым финалда жеңүүчү аталган “Сары-Өзөн” жана “Арашан” командалары финалда беттешип, 9:0 эсеби катталды. Курамында улуттук кураманын оюнчулары бар “Сары-Өзөн” командасынын жеңишке жетерин эл алдын ала баамдаганын, бирок мындай ири эсеп катталарын эч ким күтпөгөнүн билдиришти уюштуруучулар. Ал эми 3-орун үчүн болгон оюнда “Национальное” жана “Беки баатыр” командалары кез келип, 5:4 эсебинде “Национальное” командасы жеңишке жетишти.
Байгеге токтолсок, жарым финалга чыккан 4 команда тең акчалай сыйлыкка ээ болду. 4-орунду ээлеген “Беки баатыр” командасына 20 миң сом ыйгарылса, 3-орун ээси болгон “Национальное” командасы 40 миң сом акчалай сыйлык алды. Ал эми “Арашанга” 2-орун үчүн 70 миң сом, чемпион болгон “Сары-Өзөнгө” 100 миң сом тапшырылды.