Кечээ, 20-майда футбол боюнча өлкө биринчилиги - ТОП-Лиганын кезектеги турунда бишкектик "Дордой" нарындык "Ала-Тоо" менен кез келип, ири эсепте утуп алды. Беттеште "дордойчулардан"
Мирлан Мурзаев 3 гол киргизди. Андан соң
Дэвид Тетте 2 гол жаратса, дагы 2 голду
Алмазбек Мирзалиев киргизди. "Ала-Тоонун" курамынан жалгыз голду
Аман
Талантбеков айып соккусунан киргизди. Жыйынтыгында 7:1 эсебинде бишкектик клуб жеңишке жетишип, 9 оюнда топтогон упайларынын санын 20га жеткирди.
*
