Жаш футболчулар “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештен четтеп калышты. Бул 23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамдын жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо турунда тайпада акыркы орунду ээлегени менен байланыштуу.
Алгачкы оюнда Кувейт менен тең ойноп (0:0 эсебинде), кийинки оюнда Иорданияга 4:0 эсебинде утулган жаш футболчуларыбыз 20-майда Пакистан олимпиадалык курамасы менен ойноду. “В” тайпасында орун алган бул 3-тур оюнунда кыргыз мамлекетинин олимпиадалык курамасы 3:1 эсебинде жеңилүүгө мажбур болду.
Буга катар бул тайпада Кувейт курамасы менен Иордания курамасы 3:3 эсебинде тең ойноп, эки команда бирден упайга ээ болду. Ошентип, 3 оюнда 7 упай топтогон Иордания олимпиадалык курамасы 2016-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо алды.