Бишкекте Жазгы Спартакиаданын финалы өтүүдө

Бишкектин Октябрь районунда 2002-2003-жылы төрөлгөн балдар арасында Жазгы Спартакиаданын финалынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын ачылыш аземине Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров катышты. Ал жаш спортчуларга ийгилик каалап өттү.

Спартакиаданын максаты балдарды жана өспүрүмдөрдү ден соолукту чындоого багыттоо болуп саналат.

Эскерте кетсек, мелдештер спорттун 5 түрү боюнча өтүүдө. Алар: кичи футбол, стол тенниси, дартс, жеңил атлетика жана кыймылдуу оюндар. Жеңүүчүлөр спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана эсте каларлык белектер менен сыйланышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан