Мектеп окуучуларынын Республикалык Спартакиадасында Бишкектин окуучулары жеңүүчү аталышты

4-майдан 7-майга чейин Ош шаарында, 13-майдан 19-майга чейинки аралыкта Бишкекте мектеп окуучуларынын Республикалык Олимпиадасы болуп өттү. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын командасы 166 упай чогултуп, командалык эсепте 1-орунду ээледи. 2-орунду 128 упайы менен Чүй командасы ээлесе, Ысык-Көл командасы карамагындагы 125 упай менен 3-орунду камсыздады.

Мелдешти уюштурган “Жаштык” республикалык борборунан SUPER.KG порталына кабарлашкандай, мелдешке 2000ге чукул окуучу катышты. Алар жалпысынан 15 спорт түрү боюнча күч сынашты (футбол, шахмат, ордо, стол үстүндөгү теннис, эркин күрөш, бокс, грек-рим күрөшү, кыргыз күрөш, баскетбол, самбо, оор атлетика, волейбол, таэквондо WTF, жеңил атлетика, тогуз коргоол).

1-орун үчүн 30 000 сом каражат каралса, 2-орун ээсине 20 000 сом ыйгарылды. Ошондой эле 3-орунду ээлеген команда 15 000 сом акчалай сыйлыкка татыды.

Кошумчалай кетсек, окуучулардын Республикалык Спартакиадасына 7 облустун курама командасы жана республикалык маанидеги Бишкек, Ош шаарларынын командалары катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан