19 жашка чейинки курактагы футболчу кыздардан түзүлгөн өлкөнүн курамасы Бахрейнде машыгуу сборун өткөрүүдө. 20-майда старт алган сбор 28-майда жыйынтыкталат. Машыгуу сборунун алкагында футболчу кыздарыбыз Бахрейн жаштар курамасы менен 2 жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, алгачкы жолдоштук беттеш бүгүн, 22-майда өтөт. Бул 8 күндүк машыгуу сбору жаштар курамасы жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыктардын алкагында өтүүдө.