Волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы 21-29-май аралыгында Бангладеште өтүүчү Азия чемпиондугуна кызуу даярданууда. Волейболчуларыбыз Дакка шаарында 21-майда алгачкы машыгуусун өткөрүштү. Маалыматка ылайык, кыргыз мамлекетинин желеги астында Азия чемпиондугунда 12 оюнчу оюн көрсөтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Мелдештин катышуучулары кечээ, 21-майда Дакка шаарына толугу менен чогулуп, командалардын мүчөлөрү атайын отурум өткөрүшмөк. Айрым командалар кечигип жатканына байланыштуу отурумдун мөөнөтү жылдырылды.