Кыргыз балбандары “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн 4 ири мелдешке катышышат

“Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер жана алардын өтө турган даталары белгилүү болду. Балбандарыбыз катыша турган мелдештер АКШда, Түркияда, Монголияда жана Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш түрлөрүнүн эл аралык федерациясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кыргыз балбандары катыша турган алгачкы мелдеш 7-12-сентябрь аралыгында АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Анда алгачкы 5 орунду ээлеген балбандарга Олимпиадага жолдомо берилет.

Андан соң 2016-жылы 18-20-март аралыгында Казакстанда Азия биринчилиги өтөт. Бул мелдеште алдынкы 2 орунду ээлеген балбандар жолдомо алышат.

Ошондой эле 2016-жылы 22-24-апрель аралыгында Монголияда, 6-8-май аралыгында Түркияда жолдомо ойнотулуучу эл аралык мелдеш болот. Монголияда өз салмактарында алдынкы үчтүккө кирген балбандарга жолдомо берилсе, Түркияда финалга чыккан экиден балбан гана Олимпиадага катышуу укугун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан