Орусиялык мушкер Александр Поветкин атаандашын 1 мүнөт 31 секундда нокаутка учуратты

Орусиялык мушкер Александр Поветкин 22-майда кубалык Майк Перес менен беттешип, 1-раундда утуп алды. Бул жеңиш менен орус мушкери WBC Silver версиясы боюнча чемпиондук наамын сактап калды. 

Эл аралык басылмалар кабарлагандай, беттеш болгону 1 мүнөт 31 секундга созулду. Поветкин беттеш башталар замат атаандашына басым көрсөтүп, мыкты соккуларды узатты. Жыйынтыгында Майк Перес калыс онго чейин санаганда ордунан турганга жетишти. Кийинки чабуулда болсо кубалык мушкер жыгылган бойдон тура алган жок. 

Кошумчалай кетсек, Поветкин профессионалдык рингде 30 беттешке чыгып, анын 29унда жеңүүчү аталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samat81989
2015-05-25 11:31:05
владимир кличкодон гана утулган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан