23-майда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда “Дордой” клубу менен “Кейжи Юнайтед” кез келди. Беттеште “дордойчулар” 5:2 эсебинде жеңишке жетишип, кезектеги 3 упайга ээ болушту. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оюндун алгачкы 45 мүнөттүгүндө “Кейжи Юнайтед” коргонууда мыкты ойноду. 45-мүнөттө команданын өкүлү Жаныбек уулу Жанарбек пенальтиден оюн эсебин ачты. “Дордойдун” оюнчулары 1 мүнөт ичинде жооп кайтарышып, Азамат Байматов айырмаланды. 2-таймда Мирлан Мурзаев 3 гол, Даврон Аскаров 1 гол киргизип, “Дордойду” эсеп катыштыгында кыйла алдыга сууруп чыгышты. Ал эми “Кейжи Юнайтедден” Алерива Олувасен айырмаланып, оюн жыйынтыгында 5:2 эсебинде аяктады.
* Мелдеш жадыбалы: