Кыргыздын футболчу кыздары Бахрейн жаштар курамасына каршы жолдоштук оюнда утулуп калышты

19 жашка чейинки курактагы футболчу кыздардан түзүлгөн өлкөнүн курамасы Бахрейнде машыгуу сборун өткөрүүдө. 22-майда машыгуу сборунун алкагында футболчу кыздарыбыз Бахрейн жаштар курамасы менен жолдоштук беттешке чыгышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, жолдоштук беттеште 2:0 эсебинде атаандаштар жеңишке жетишти. Бул курамалардын ортосунда экинчи жолдоштук беттеш бүгүн, 25-майда орун алат. 

Кошумчалай кетсек, 8 күндүк машыгуу сбору жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыктардын алкагында өтүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан