Кыргыз волейболчулары Азия чемпиондугунда алгачкы оюнда Непал курамасына утулуп калышты

Бангладештин Дакка шаарында волейбол боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Мелдешке биринчи ирет катышып жаткан кыргыз мамлекетинин курамасы “В” тайпасында Непал, Бангладеш жана Мальдив аралдарынын курамалары менен биргеликте жайгашкан. 

Алгачкы турда кыргыз волейболчулары 24-майда Непалга каршы турушту. КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, командалар айыгышкан мүнөздөгү 4 партия оюн көрсөтүп, жыйынтыгында 3:1 эсебинде Непал курамасы утуп кетти. 

2-тур оюндарында волейболчуларыбыз бүгүн, 25-майда Бангладеш курамасына каршы ойношот.

Кошумчалай кетсек, тайпаларында эң көп упай топтогон 2 команда кийинки баскычка чыгат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kg_boy91.91
2015-05-25 13:25:27
Азаматсынар пока Кыргызстан
0
nookat
2015-05-25 14:01:07
молодцы только вперед
0
myshka406
2015-05-25 18:44:17
Эми толька утулуптур деген эле созду угабызда
-1
zarbaliktik
2015-05-25 23:03:05
бангладешти 3-0го утту!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан