Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын 15-августунда аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары тарабынан М.А. аттуу жаранга 0,24 гектар жер тилкеси 52 миң сомго сатылган. Бирок бир жыл өтпөй ал жаран жер тилкесин С.Ж. аттуу адамга 2,6 миллион сомго саткан. Көз карандысыз эксперттердин баамында, аталган жердин баасы 3,5 миллион сомдон ашат. Мындан улам мамлекет 3,5 миллион сомго жакын зыян тарткан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан