Базар-Коргон районунда эки унаа сүзүшүп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-май күнү саат 18:00 чамасында аталган райондун Абдураимов айылында болгон. Анда Мерседес-Бенц унаасы менен Хундай Портер унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана 3 жүргүнчү жеңил жаракат алышкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.