Ысык-Көл облусунда мас абалында сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу 26-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 25-май күнү саат 18:55 чамасында Ак-Суу районундагы Каракол айылындагы Комсомол каналынан Боз-Булуң
айылынын тургуну, 1966-жылы туулган Т.А.Мусалиев аттуу жаран мас абалында аты
менен өтүп жатканда суу агызып кеткен.
Окуя болгон жерге ӨКМнын Каракол шаардык №15-өрт-куткаруу бөлүмүнүн
куткаруучулары барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Саат 20:10до Мусалиевдин сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.