“Паспорт алып берүү үчүн 2 миң доллар талап кылган” деген шек менен Социалдык фонддун кызматкери кармалды

Чүй облусунда “паспорт алып берүү үчүн 2 миң доллар талап кылган” деген шек менен Социалдык фонддун кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй облусунун тургуну кайрылып, Социалдык фонддун, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн кызмат адамдары жаңы паспорт алып берүү үчүн 2 миң доллар талап кылып жатышканын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде Социалдык фонддун кызматкери кармалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-05-26 15:54:33
Паспортттун пин-коду деген балекет учун "Пара" талап кылуу Соц.фонддун кызматкерлери арасында "Мода" болду...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан