Кыргыз волейболчулары Азия чемпиондугунда Бангладеш курамасын утуп алышты

Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз волейболчулары алгачкы жеңишин камсыздай алышты. “В” тайпасында оюн өткөрүп жаткан курамабыз кечээ, 25-майда үй ээси Бангладеш менен беттешти. КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, анда мекендештерибиз 3 партияда тең жеңишти камсыздашты (25:18, 28:26, 25:18).   

3-турда волейболчуларыбыз бүгүн, 26-майда Мальдив аралдарынын курамасы менен кез келет. Тайпаларында эң көп упай топтогон 2 команда кийинки баскычка чыгарын эске алсак, улуттук курамабыз жарым финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап келүүдө.

Азия чемпиондугунун алгачкы турунда кыргыз волейболчулары Непалга каршы туруп, 3:1 эсебинде утулуп калышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bekos2012
2015-05-26 10:58:22
Оо азаматтар, бугунку оюнга да ийгилик... Мальдивди куугула аралына барсын
+3
bakaiBBBB
2015-05-26 11:55:32
Азаматсынар!!! Админ чоон отунуч ушул оюндардын видеосун таап корсотсонор биздин коп жаштар учун улгу болот эле, себеби Курама командаьыздагы балдар да айылда эле ойноп чонойгон балдар копчулугу
0
expert.007
2015-05-26 12:11:30
Азаматтар.
0
jigit.paren
2015-05-26 12:15:36
абдан кубанычтамын эми Малдивти утсанар жарым финалга чыгасынар, алгаа кыргызстан ийгилик!
0
bars.kr
2015-05-26 15:40:29
Эн жакшы. Ийгилик калган ойундарга
0
zhusaliev89
2015-05-26 17:24:24
Суротторуно жуктогуло кайсы балдар ойноп аттышат екен
0
janul
2015-05-26 18:02:22
Негизи Кр волейбол курама командасынын негиздоочулору Ош-Бажы командасы болушу керек эле го, сайттардан чыгып жатпады беле чемпиондукту женип алышты деп.Бул жерде алардын оюнчуларынан бироону эле тааныдым,калганы жокко же тандалгандарбы? Админ курама команданын оюнчулары тууралуу маалымат бергилечи. кооптон коп сураныч
0
KG_Beka_KG
2015-05-26 22:02:49
асан сатыбалдыев журотко соседим ....ийгилик
0
sis-zero
2015-05-26 22:28:10
Бул балдар орусияда кыргыздар арасында новосибирск шаарында ойноп кетишти 1,2,3,орунду алган балдар экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан